Редакцияот 29.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы

2014-жылы 29-январы №61

Арал айылдык Кеңешинин төрагасы К.Туткучовдун кайтыш болдугуна байланыштуу бош калган мандатты №6098 Арал шайлоо округунан шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган депутаттыкка талапкерге ыйгаруу жөнүндө

Арал айылдык Кеңешинин төрагасы Туткучов Кемелбек Молддобековичтин кайтыш болгондугуна байланыштуу КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 24-беренесинин 6 пунктуна жана ушул эле мыйзамдын 22-беренесинин 1-пунктуна ылайык Арал айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Арал айылдык Кеңешинин төрагасы К.Туткучов кайтыш болдугуна жана «Жергиликтүү Кеңештирдин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Жергиликтүү Кеңештин депутатынын бош калган мандатынын ордун ээлөө жөнүндөгү 52-беренесинин 3 жана 6 пунктарына ылайык №6098 Арал шайлоо округунан шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган депутаттыкка  талапкер Абдылдаев Нуркалый Касымович 2013-жылы январь айында Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 22-беренесинин 1-пунктунун жана 24-беренесинин 3 жана 6 пункттарына ылайык бош калган мандатты Арал айылдык Кеңешинин №6098 Арал шайлоо округунан шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган кийинки депутаттыкка талапкерге депутаттык мандатты ыйгаруу жөнүндө Талас аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

2.    Токтомду аткаруу жагы Арал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Найзабековго жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Арал айылдык

Кеңешинин төрагасынын орун басары:

 

Ж.Найзабеков