Редакцияот 05.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы

2014-жылы 5-февралы №66

Талды булак алтын кени боюнча маселелердин кароо жөнүндө.

Айылдык Кеңештин «Талас Коппер Гольд» компаниясы менен элдин ортосундагы мамилелерди иш-аракеттерди тескөө, транспорт, коммуникация, кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн алтын кени боюнча маселелерди Айылдык Кеңештин депутаттары менен бирдикте кароо жөнүндөгү ой-пикер сунуштарын карап жана талкуулап чыгып, сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Талды-Булак алтын кени боюнча маселе Айылдык Кеңештин сессиясында депутаттар менен бирдикте каралсын.

2.    Айылдык Кеңештин «Талас Коппер Гольд» компаниясы менен элдин ортосундагы мамилелерди иш-аракеттерди тескөө, транспорт, коммуникация, кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы деп аталсын.

3.    Тармактык туруктуу комиссиясларынын төрагаларына 2014-жылга иш-план түзүп келүү жагы милдеттендирилсин.

 

Депутаттардын Арал айылдык

Кеңешинин торагасы:

 

А.Ж.Медетов