Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-февралы №68
Комбайн алуу үчүн бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө
Угулду: Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин төрагасынын кворум болгондугуна байланыштуу сессияны ачуу жөнүндөгү сунушу депутаттар тарабынан колдоо тапты. Сессия ачылды.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин төрагасы комбайн алуу үчүн бөлүнгөн акча каражаты 6 айдан бери максатсыз пайдаланылбай жаткандыгы жөнүндө эл тарабынан суроо талаптар көп болуп жаткандыгын айтып, комбайн сатып алуу маселесин мындан ары кандай чечүү жөнүндө депутаттардын кароосуна койду.
Сөз кезегин алган депутат Б.Сыдыгалиев комбайн сатып алуу үчүн бөлүнгөн акча каражатын кайра кайтарып алуу жөнүндө сунушун айтты.
Жарыш сөзгө чыккан депутаттар Б.Тайтаков, Б.Чегебаев, Ж.Найзабеков ж.б. депутаттар тарабынан айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинен комбайн сатып алуу үчүн бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө талаш тартыштар болду жана депутаттар тарабынан айтылган үч сунуш депутаттардын кароосуна коюлду.
1. Жаңы комбайн сатып алуу (подборка, жаткасы менен) НДСи ичинде
2. Пайдаланылган эки комбайн сатып алуу
3. Которулган акчаны кайтарып алуу (белгиленген мөөнөттүн ичинде)
Депутаттар тарабынан айтылган 3 сунуш колго салынып, 8 депутаттын макулдугу, бир депутаттын калыс болуусу менен үчүнчү сунуш колдоо тапты б.а которулган акча каражатын кайра кайтаруу жөнүндөгү сунуш колдоо тапты. Депутаттар тарабынан акчаны кайтаруу мөөнүндөгү 5-мартка чейин деп белгиленди.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кабыл алды.
ТОКТОМ
1. Жаңы комбайн алуу үчүн Арал айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондусунан которулган акча каражаты 2014-жылдын 5-мартына чейин толугу менен кайтарылып алынсын.
2. Белгиленген мөөнөттө акча каражаты кайтарылып алынбаса, териштирүү жагы тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
А.Ж. Медетов |