Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 29-апрели №103/11-6
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Төрагасынын 2013-жылы жана 2014-жылдын биринчи кварталында аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып, 2012-жылдын 27-декабрындагы № 1 сандуу токтому менен кабыл алынган Талас шаардык кенешинин Регламентинин II- бөлүм, 3-беренесинин негизинде Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Төрагасынын 2013-жылы жана 2014- жылдын биринчи кварталында аткарылган иштерин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин Төрагасынын 2013-жылдагы жана 2014-жылдын биринчи кварталында аткарган иштери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Токтом шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага: | А.Джузупбеков |