Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 29-апрели №104/11-6
Талас шаардык коомдук өз алдынча башкаруусунун 2013-жылы жана 2014 - жылдын биринчи кварталында аткарган иштери жөнүндө
Талас шаардык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун 2013-жылында жана 2014-жылдын биринчи кварталында аткарган иштери боюнча Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын Корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык аймактыктык өз алдынча башкаруусунун 2013-жылда жана 2014-жылдын биринчи кварталында аткарылган иштери эске алынсын.
2. Талас шаардык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун 2013-жылдагы жана 2014-жылдын биринчи кварталында аткарган иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунда белгиленген кемчиликтерди тез арада четтетүү боюнча иш алып баруу жагы Талас шаардык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун жетекчисине (Молдогазиев.К.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Талас шаардык коомдук өз алдынча башкаруусунун башчысы (Молдогазиев.К.Ж) тарабынан мекеменин бир жылдык иш планы жана материалдык техникалык базасын чындоо боюнча пландуу иш чаралары иштелип чыксын жана бекитилсин.
4. Талас шаардык коомдук өз алдынча башкаруусунун ишин жандандырууда Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы-мэрине (Кушубеков.А.К.) мекеменин чарбалык иштерин мыйзам чегинде уюштуруу боюнча көзөмөлдүктү күчөтүү жагы милдеттендирилсин
5. Түзүлгөн келишимдердин негизинде таштандыларды ташып кетүү боюнча такталган график иштелип чыгып, шаардык массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
6. Талас шаардык жергиликтүү бюджетинен Талас шаардык кенешинин 2013-жыл 16-апрелиндеги № 29\6-6 сандуу токтому менен ссудалык негизде бөлүнүп берилген 270 мин сом акча каражаты мыйзам чегинде кайтарылып берилсин .
7. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттодон өткөрулсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьктилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (М.И.Есенгулов) милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Джузупбеков |