Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 29-апрели №105/11-6
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – мэриясынын Бюджеттик инвестиция долбоорунун алкагында Талас шаарын 2014-2017-жылдарга карата өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2014-жылдын 25-апрелиндеги №01-2\451 сандуу катынын негизинде Депутаттардын Талас шаардык кенешини карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын Бюджеттик инвестиция долбоорунун алкагында Талас шаарын 2014-2017-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү Программасы бекитилсин
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Джузупбеков |