Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2008-жылдын 3-октябры № 507-б

1. 2008-жылдын 20-26-октябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда Шанхай кызматташтык уюмуна катышуучу-мамлекеттердин Экинчи Ысык-Көл кинофестивалы өткөрүлсүн.

2. Шанхай кызматташтык уюмуна катышуучу-мамлекеттердин Экинчи Ысык-Көл кинофестивалын (мындан ары - Шанхай кызматташтык уюмуна катышуучу-мамлекеттердин кинофестивалы) даярдоо жана өткөрүү боюнча төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:

Ибраимова Эльмира Султановна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Пазылов Абибилла Пазылович - кинопродюссер (макулдашуу боюнча).

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Карабаев Эднан Өскөнович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Конгантиев Молдомуса Ташболотович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Мамашов Турусбек Чукуевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Темирбаев Курманбек Токтосунович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу (макулдашуу боюнча);

Эшимканов Мелис Асаналиевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио-корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Исаев Кыдыкбек Шайдинович - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Тюлеев Нариман Ташболотович - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Турапов Керимберди Ырысалиевич - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).

3. Уюштуруу комитети Шанхай кызматташтык уюмуна катышуучу-мамлекеттердин кинофестивалын даярдоо жана өткөрүү планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.

4. Шанхай кызматташтык уюмуна катышуучу-мамлекеттердин кинофестивалын өткөрүү боюнча чыгымдар "Кыргызкино" улуттук концернин каржылоого 2008-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде жүргүзүлсүн.

 

Премьер-министр

 

 И.Чудинов