Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 9-октябры № 524-б
Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчылар кеңешинин 2008-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында болуучу жыйынына киргизилчү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:
- Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү кызматташуусунун концепциясы жөнүндө жана Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү кызматташуусунун концепциясын ишке ашыруу боюнча 2008-2010-жылдар мезгилине карата иш-чаралардын комплекстүү планы жөнүндө чечимдин долбоору;
- Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин абадан коргонуу боюнча нөөмөтчүлөрүнүн аба кемесин террористтер басып алганы (айдап качканы) жөнүндө маалымат алынганда аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо тууралуу чечимдин долбоору.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|