Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 16-октябры № 535-б
2008-жылдын 5-октябрында болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган калкты мобилдүү турак үйлөр менен камсыздоо жөнүндө Ош облусунун Алай районунун Нура айылына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айтылган тапшырманы аткаруу максатында:
1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы өзүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына 20 (жыйырма) даана 40 футтуу контейнерди акысыз өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көрсөтүлгөн контейнерлерди мобилдүү турак үйлөр үчүн кайра жабдып чыксын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|