Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-октябры № 542-б
«Ч.Айтматов жана азыркы мезгил» эл аралык форумун жана «Ч.Айтматов жана дүнөлүк адабият» илимий-практикалык конференциясын өткөрүү үчүн:
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министирилигине төмөнкүлөр бөлүнсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 1 000 000 (бир миллион) сом;
- республикалык бюджеттен 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом.
Кыргыз Республикасынын Фининсы министрилиги «Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароочу мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|