Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-октябры № 561-б
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда "Энергетика секторуна тез жардам" долбоору боюнча 2008-жылдын 28-октябрынан 31-октябрына чейин Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Балкибеков С.Э. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, делегациянын жетекчиси;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Турсункулов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Бешимов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Данилов Ю.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Исанова М.Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Байгончоков М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы финансылык жардам башкармасынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен "Энергетика секторуна тез жардам" долбоорунун шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрине сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|