Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 14-февралы № 46-б
"Бишкек-Нарын-Торугарт" автожолунун жанында "өткөөл база" ачуунун ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте бир апталык мөөнөттүн ичинде ташуулар жагында Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин аткарылышына өз компетенциясынын чегинде талдоо жүргүзсүн.
Талдоонун жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода жана ишкердик бөлүмүнө жана тышкы байланыштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |