Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 6-марты № 77-б
Жаран Бакиев Зулкайнардын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна аргасыз бош жүргөн мезгилдеги эмгек акысын өндүрүү жөнүндө "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын дирекциясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн берген доо арызынын негизинде:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнүн соттук органдар менен өз ара аракеттенүү секторунун башчысы Шамбетов Тимур Эсенбековичке аталган иш боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу укугуна ишеним кат берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |