Редакцияот 12.03.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 12 марты № 87-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан төмөнкүлөргө бөлүнсүн:

- 1986-жылы Чернобыль атомдук электростанциясында вавриянын кесепеттерин жоюуга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандарын сыйлоо үчүн «Союз Чернобыль» медалын сатып алууга «Союз Чернобыль» коомдук бирикмесине 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом;

- Оор материалдык абалына байланыштуу Чубакбек Исаевге материалдык колдоо көрсөтүү үчүн 10 000 (он миң) сом;

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандардын кайрылуулары жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов