Редакцияот 25.04.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 25-апрели № 169-б

1. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине Кыргыз Республикасынын символдору жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан гравировка менен белекке берилүүчү кол саатарды даярдоого Москванын «Полет-Хронос» саат заводуна берилчү заказга төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 330 000 (үч жүз отуз миң) сом бөлүнсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн белекке берилчү кол сааттарга белгиленген тартипте заказ берсин, алсын, жеткирсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына өткөрүп берсин.

 

Премьер-министр

И.Чудинов