Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 27-июну № 318-б
Республиканын аймагында 2008-жылдын майында болгон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана Кыргыз Республикасынын калкына жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- 6927 такта шифер бөлсүн, райондордун өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын актыларына ылайык жапа чеккен турак үйлөрдүн, коомдук маанидеги объекттердин чатырларын калыбына келтирүү үчүн райондорго жеткирүүнү камсыз кылсын;
- райондордун өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын актыларына ылайык сел агымдарынан жапа чеккен райондорго товардык-материалдык ресурстарды бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине материалдык-техникалык каражаттардын запасын толтуруу үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражатынан 12699900 (он эки миллион алты жүз токсон тогуз миң тогуз жүз) сом бөлсүн, алардын ичинен:
- Ысыккөл жана Нарын облустарындагы катуу шамалдын кесепеттерин жоюу үчүн - 3011500 (үч миллион он бир миң беш жүз) сом;
- сел агымдарынын кесепеттерин жоюу үчүн - 9688400 (тогуз миллион алты жүз сексен сегиз миң төрт жүз) сом.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |