Редакцияот 14.11.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 14-ноябры № 590-б

Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылдык округунун Нура айылында 2008-жылдын 5-октябрында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга байланышкан маселелерди, ошондой эле Нура айылынын айыл башчысын автотранспорт менен камсыз кылуу маселелерин оперативдүү чечүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 134-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын пайдалануусу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансына берилген, 2008-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 8685454, кузов № ХТА21214081882390, "Лада"-21214 маркасындагы автомобилди Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылдык округунун айыл өкмөтүнүн балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов