Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 26-ноябры № 620-б

"Баланын укуктарын коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директорунун катында жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка № 2 орто мектеп-гимназиясынын директорунун укукка каршыдай көрүнгөн иш-аракеттери жөнүндө окуучулардын ата-энелеринин арыздарында баяндалган фактыларды текшерүүнү ишке ашыруу максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

Исмаилов К.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы;

Иманкулов М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чүй облусу боюнча Башкармалыгынын подразделениесинин начальниги;

Мундузбаев М.К. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармалыгынын улук инспектору;

Мамбеткулов А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм начальниги;

Никифоров М. - "Балдар коркунучта" балдарды колдоонун коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча);

Кызалакова А.Т. - "Коомдун психикалык саламаттыгы" коомдук бирикмесинин психологу (макулдашуу боюнча);

Хорошман Е.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн балалыкты коргоо секторунун эксперти.

2. Комиссия "Баланын укуктарын коргоочулар лигасы" коомдук фондунун катында, окуучулардын ата-энелеринин арызында баяндалган фактылар боюнча эки жумалык мөөнөттө жерине баруу менен текшерүү жүргүзсүн жана жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирсин.

 

Премьер-министр

 

 И.Чудинов