Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 5-декабры № 633-б
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана аймактык органдарынын кызматкерлери үчүн эмгектин тийиштүү шарттарын түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук миграция жана ишке орноштуруу комитети пайдаланышы үчүн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынан администрациялык имарат катары белгиленген тартипте 200000 (эки жүз миң) сомдун чегинде үй сатып алууга жана аны оңдоого уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн үй сатып алынгандан кийин администрациялык имараттардын реестрине тийиштүү өзгөртүү киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|