Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 6-декабры № 635-б
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун Германия Федеративдүү Республикасында дарылануусуна акы төлөөгө байланышкан чыгымдарды жабууга жазуучунун үй-бүлөсүнө финансылык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрилиги маркум жазуучу Ч.Т.Айтматов 2008-жылдын май-июнунда дарыланган медициналык клиниканын алыш-бериш эсебине мамлекеттик органдардын атайын каражаттарынын эсебинен 5,3 млн. (беш миллион уч жуз миң) сом көтөрсун, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрилиги - 1,0 млн. (бир миллион) сом,
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрилиги – 1,5 млн. (бир миллион беш жүз миң) сом,
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик - 1,0 млн. (бир миллион) сом,
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы – 1,0 млн. (бир миллион) сом,
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтунуө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги – 0,3 млн. (үч жүз миң) сом,
- Кыргыз Республикасынын Өкмтөтүнүн резервдик фонду – 0,5 млн. (беш жүз миң) сом.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |