Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-декабры № 637-б
Элчиликтерде, өкүлчүлүктөрдө, консулдук жана башка эл аралык уюмдарда эмгек ишмердигин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарына салык салууну тартипке келтирүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Мокенов А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Киркеев К.Ш. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин салыктык башкаруу башкармалыгынын салыктарды чогултууну контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Тагаева А.М. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин көп тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн кеңешчисинин милдетин аткаруучу;
Эшенкулов Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.
2. Ведомстволор аралык комиссия элчиликтерде, өкүлчүлүктөрдө, консулдук жана башка эл аралык уюмдарда эмгек ишмердигин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарына салык салууну тартипке келтирүү жөнүндө маселени изилдеп чыксын.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тиешелүү сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл учурда мамлекеттик органдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|