Редакцияот 23.12.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 23-декабры № 674-б

"Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын кызматтык автотранспорттору жөнүндө" Аламүдүн райондук кеңешинин 2008-жылдын 30-июнундагы № 81 токтомун көңүлгө алып:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясына белгиленген тартипте райондун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн ашыра аткаруудан түшкөн каражаттын эсебинен кызматтык пайдалануу үчүн бир жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кызматтык автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов