Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 23-декабры № 677-б
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 591 (КПҮ) токтомуна ылайык, Баткен жана Талас облустарынын юстиция башкармалыктарынын балансында турган 1995--жылы чыккан «ГАЗ-31029» жана 1996-жылы чыккан «ВАЗ-21099» маркасындагы автомашиналарынын эксплуатациялоо мөөнөтүн жана техникалык абалын эске алуу менен алар эсептен чыгарылууга тийишэкендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматын көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине төмөнкүлөргө белгиленген тартипте уруксат берилсин:
- 1998-жылы чыккан, кузов № KLAJF19WIWB235577, кыймылдаткыч № 236082 «ДЭУ-Эсперо» маркасындагы жеңил автомашинаны Багкен облусунун юстиция башкармалыгынын балансына берүүгө;
- 1999-жылы чыккан, кузов № KNHGC2212WA355019, кыймылдаткыч № FE083119 «КИА-Кредос» маркасындагы женил автомашинаны Талас облусунун юстиция башкармалыгынын балансына берүүгө;
- «Соода жана өнөржай компанияларынын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан демөөрчүлүк жардам түрүндө акысыз негизде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигине өткөрүп берилүүчү «ВАЗ-21074» маркасындагы эки автомашинаны баланска кабыл алууга.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунун аткарылышы жөнүндөгү маалыматты Кыргыз Республикасынны Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |