Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-августу № 449-б
Социалдык аялуу катмарлардын балдарынын кесиптик билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана камсыз кылуу максатында:
1. 2009-2010-окуу жылында төмөнкү окуу жайларында реабилитациялык топтор түзүлсүн:
- Чүй облусунун Кемин районундагы № 19 кесиптик лицейде;
- Чүй облусунун Беловодск айылындагы № 28 кесиптик лицейде;
- Бишкек шаарындагы № 95 кесиптик лицейде.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик:
- реабилитациялык иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аталган окуу жайларынын уставын эки айлык мөөнөттө бекитсин;
- республикалык бюджетте жыл сайын бекитилүүчү финансы каражаттарынын чегинде реабилитациялык топторду күтүүнү жүзөгө ашырсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |