Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ
в соответствии с распоряжением Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 14-августу № 450-б
"10 топ - менеджер" программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ (кызматы боюнча) түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары,
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Жардам берүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тышкы жардамдарды координациялоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;