Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 16-январы № 16-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 1-декабрындагы ПЖ № 426 "Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Коомдук ордо кеңешинин ишин жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу керектүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Карабаев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Алыбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Акматалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корресподенти, филология илимдеринин доктору, профессор;
Аманова Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик аппараттын чыгымдар саясаты башкармалыгынын башкы адиси;
Асанов Н.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин юридикалык бөлүмүнүн юрисконсульту;
Аскарова Р. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борборунун башкы адиси;
Аттокурова А.Т. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын Укук башкармалыгынын интеллектуалдык менчикке укукту ишке ашыруу жана аппеляциялар бөлүмүнүн башкы адиси;
Базаркулов М.Б. - Кыргыз Республикасынын эл мугалими;
Ботобеков У.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча);
Жапаркулова М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын пенсиялык жана социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Календеров У.И. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин укуктук колдоо жана кадрдык кызмат башкармалыгынын начальниги;