Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-марты № 87-б
Электр, жылуулук энергияларынын жана жаратылыш газынын коромжулуктарын азайтуу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинин ишканаларына дебитордук береселерин азайтуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги:
- коммерциялык керектөөчүлөргө электр энергияны электр менен камсыздоо келишиминде каралган кубаттуулуктан ашыра пайдаланганы үчүн финансылык санкцияларды колдонуу боюнча чараларды көрсүн;
- коммерциялык керектөөчүлөр жана электр энергиясын жылытуу жана суу ысытуу максаттарында пайдалануучу тиричиликке керектөөчүлөр үчүн алдын ала төлөө эсептегичтерин орнотууну камсыздасын;
- 2010-жылдын аягына чейин көп квартиралуу турак үйлөрдө жашаган абоненттер үчүн газ эсептегичтерди орнотуу боюнча ишти аягына чыгарсын;
- облустардын, райондордун мамлекеттик администрация башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин, райондук баш ийүүдөгү шаарлардын, айылдык округдардын жана поселоктордун башчыларынын, отун-энергетика комплексиндеги ишканалардын жетекчилеринин катышуусу менен 2009-жылы электр энергиясынын коромжулугун 25 процентке чейин азайтуу жана керектөөчүлөрдүн жылуулук, электр энергиялары жана жаратылыш газы үчүн дебитордук береселерин 15 проценттен кем эмес азайтуу боюнча чараларды көрсүн.
2. Облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, райондук баш ийүүдөгү шаарлардын, айылдык округдардын жана поселоктордун башчылары, отун-энергетика комплексиндеги ишканалардын жетекчилери ушул буйруктун 2-пунктун аткаруу боюнча жеке жоопкерчиликтүү экени белгиленсин.
3. Облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, райондук баш ийүүдөгү шаарлардын, айылдык округдардын башчылары ушул буйруктун 1-пунктунун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине ай сайын берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен каржыланчу бюджеттик уюмдарга электр, жылуулук энергиялары жана жаратылыш газы үчүн төлөөгө бюджеттик каражатты толук көлөмдө өз убагында бөлүүнү камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкүдөй чараларды көрсүн:
- акцияларында мамлекеттин үлүшү бар отун-энергетика комплексиндеги ишканалардын директорлор кеңештеринин мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги тарабынан электр, жылуулук энергияларын жана жаратылыш газын иштеп чыгаруу, берүү жана бөлүштүрүү боюнча белгилеген нормативдик көрсөткүчтөрдүн сакталышы үчүн жоопкерчилигин белгилөө боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин катышуусу менен райондук электр тармактарынын жетекчилерин аттестациялоо боюнча.
6. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомдоруна Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана райондук мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары менен бирдикте төмөнкүлөр сунушталсын:
- электр өткөрүү линияларын өз эркинче кошулууларды, электр энергиясын уурдоолорду аныктоо жана токтотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн биргелешкен оперативдүү топторду түзүү;
- жогоруда айтылган биргелешкен иш-чаралардын учурунда аныкталган эреже бузуу фактылары боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын сот органдарына жиберүү жана жасалган иштер жөнүндө маалыматты ар бир айдын 10-күнүнө чейин Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине жиберүү.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |