Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-марты № 88-б
Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Айылдарды суу менен жабдуунун жана санитариянын экинчи долбоору" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Арсалиев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы жардамдарды координациялоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Мамасейитова Б.У. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Муллакелдиев Н.М. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин алдындагы айылдарды суу менен жабдуу департаментинин директору (макулдашуу боюнча);
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |