Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-марты № 90-б
Россия Федерациясынын Москва шаарында 2009-жылдын 12-14-мартында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги заседаниесине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынан баруучу делегация төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Узакбаев Эмилбек Узакбаевич - КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жана КМШнын Экономикалык кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Мокенов Айдар Абдразакович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Курманбеков Темирбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Ибраимова Чолпон Ибраимовна - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
Аманова Сапия Жунаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти.
2. Кыргыз Республикасынан баруучу делегациянын КМШнын Экономикалык кеңешинин заседаниесине катышууга байланыштуу чыгымдары жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |