Редакцияот 10.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 10-марты № 99-б

Республикадагы театр искусствосун колдоо жана Талас облустук музыкалык-драма театрынын жаш адистеринин турак жай проблемаларын чечүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте Көк-Ой айылындагы Талас райондук аймактык оорукананын инфекциялык оорулар бөлүмүнүн имаратын Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин балансына өткөрүп берсин.

2. Талас облустук музыкалык-драма театрына Талас облусу, Талас району, Көк-Ой айылы, Манас көчөсү, № 2 үй дареги боюнча жайгашкан имарат андан ары менчиктештирүү укугусуз ведомстволук имарат катары бекитип берилсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов