Редакцияот 20.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 20-марты № 124-б

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтун Бишкек шаары, Тынчтык проспектиси, 301 дарегинде жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасынын 3-кабатындагы жайларга коммуналдык кызматтарга акы төлөтүү менен жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 711-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтун 10 кабинетке кабылдамасы менен жана" деген сөздөр алып салынсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов