Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 1-октябры № 553-б
Казакстан Республикасынын Гвардейский шаарчасында өткөрүлүүчү "Өз ара аракеттенүү-2009" биргелешкен комплекстүү машыгууга Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүнүн катышуусун жана машыгууну даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна катышуучу мамлекеттердин аскердик контингенттеринин уюшкан түрдө өтүүсүн камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги "Өз ара аракеттенүү-2009" биргелешкен комплекстүү машыгуунун планына ылайык оперативдүү топ жана аскердик контингенти менен катышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети мамлекеттик чек арадан биргелешкен комплекстүү машыгууга катышуучу мамлекеттердин аскердик түзүлүштөрүн (аскердик техникасы жана курал-жарагы менен) "Ак-Жол автожол" өткөрүү пункту жана "КАНТ" аэродрому аркылуу уюшкан түрдө өтүүсүн камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |