Редакцияот 08.10.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 8-октябры № 567-б

1. Билим берүү тармагында Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө Макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан билим берүү тармагындагы Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

И.Чудинов