КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-октябры № 584-б
2009-жылдын 18-23-октябрында Бангкок шаарында (Тайланд) болуучу Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын Сымап боюнча ачык курамынын атайын жумушчу тобунун жыйынына жана Эл аралык форумдун алкагында донорлор менен болуучу жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Баетов Батыркул Исаевич - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин статс-катчысы, делегациянын башчысы;
Эшназаров Наби Асанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Исмаилов Искендербек Самыйбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн эксперти;
Норузбаев Кубанычбек Мукашевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн начальниги.
Эскертүү: расмий делегациянын жогоруда айтылган иш-чараларга катышуусуна байланышкан бардык чыгымдарды чакырган тарап төлөйт.
Премьер-министр | И.Чудинов |