Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-октябры № 624-б
Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык, салыктык жана башка төлөмдөрдү бюджетке өз убагында кириштөө максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы үчүн 2009-жылдын 31-октябры иш күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, "ЭСК Банк" ачык акционердик коомуна жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын агенттерине белгиленген тартипте 2009-жылдын 31-октябрын иш күнү деп жарыялоо сунушталсын.
Премьер-министр | Д. Үсөнов |