Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-ноябры № 630-б
Дүйнөлүк метеорология уюмунун Жалпы регламентинин 6-эрежесине ылайык, гидрометеорологиялык маалыматты дайыма алмашып туруу жана Дүйнөлүк метеорология уюмунун иш-чараларына Кыргыз Республикасынын катышуусун камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Гидрометеорология кызматынын жетекчиси Дүйнөлүк метеорология уюмунда Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалсын.
2. Дүйнөлүк метеорология уюмунда Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруудан Баканов М.Т. 2009-жылдын 8-июлунан тартып бошотулсун.
Премьер-министр | Д. Үсөнов |