Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-ноябры № 645-б
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин 2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында (Украина) болуучу жыйынына киргизилүүчү төмөнкү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин дүйнөлүк финансы-экономикалык кризистин кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча биргелешкен чаралары жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин энергетика чөйрөсүндөгү кызматташуу концепциясы жана КМШга катышкан мамлекеттердин энергетика чейрөсүндөгү кызматташуу концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы женүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин улуттук электр энергетикалык системаларынын мамлекеттер аралык электр өткөрүү линияларын эксплуатациялоо жагында кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин аймагы боюнча өтүүчү эл аралык транспорт коридорлорун макулдашылган өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин инновациялык чөйрөдөгү узак мөөнөттүү кызматташуусунун негизги багыттары жөнүндө чечимдиндолбоору;
- Илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөдө КМШнын тармактык кызматташуу органын түзүү жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин 1995-жылдын 3-ноябрындагы жалпы илимий-технологиялык мейкиндикти түзүү жөнүндө макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- КМШдагы товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелери жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин 2003-2010-жылдарга экономикалык чөйрөдө өз мамлекеттердин ара аракеттенүүнү өнүктурүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган эң маанилүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин салыктык (финансылык) териштирүү органдарынын Жетекчилеринин координациялык кеңешинин иштери жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин макулдашылган миграциялык саясат жөнүндө декларациясында каралган принциптерди иш жүзүндө жүзөгө ашырууга багытталган биринчи кезектеги чаралардын комплекстүү планы тууралуу чечимдин долбоору;
- Мамлекеттер ортосунда маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктардын жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик аба кемелери менен болгон авиациялык кырсыктарды териштирүү жагында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү "боюнча биргелешкен иш-аракеттер программасы жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин 2012-жылга чейинки мезгилге аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну кеңейтүү боюнча өз ара аракеттенүү планы жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин билим берүү системасын маалыматтык камсыздоо жагында КМШга катышкан мамлекеттердин базалык уюму жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечимдин долбоору;
- "Россия мамлекеттик агрардык университета - К.А.Тимирязев атындагы МСХА" жогорку кесиптик билим берүүчү федералдык мамлекеттик билим берүү мекемесине агрардык билим берүү жагында кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин базалык уюмунун статусун ыйгаруу жөнүндө чечимдин долбоору;
- "Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери боюнча министрлигинин жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар проблемасы боюнча бүткүл россиялык илим-изилдөө институту" федералдык мамлекеттик мекемесине КМШга катышкан мамлекеттердин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча илим жана жогорку технологиялар жагында базалык уюмдун статусун ыйгаруу жөнүндө чечимдин долбоору;
- Москва шаарындагы Бүткүл россиялык көргөзмө борборунун базасында КМШга катышкан мамлекеттердин туруктуу иштөөчү көргөзмөлөрдү уюштуруу жөнүндө КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин 2002-жылдын 7-октябрындагы чечимин аткаруунун жүрүшү тууралуу чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин 2008-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетин аткаруу жөнүндө чечимдин долбоору;
-КМШ органдарынын 2009-жылга такталган бирдиктүү бюджети жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетине КМШга катышкан мамлекеттердин үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШ органдарынын 2010-жылга бирдиктүү бюджети жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттерде согуш ардагерлеринин, жергиликтүү маанидеги жаңжалдарга, тынчтыкты орнотуучу операцияларга катышкандардын жана терроризм курмандыктарынын жашоо турмушун жакшыртуунун жана эмгекке жарамдуулугун жоготуунун алдын алуунун социалдык жана медициналык негиздерин өнүктүрүүнүн 2006-2010-жылдарга карата концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын 2010-жылы каржылоо жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин аба чабуулуна каршы коргонуунун бириккен системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө акча каражаттарын пайдалануу жана 2008-жылы КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинде аба чабуулуна каршы коргонуу маселелери боюнча Координациялык Комитетинин ишин камсыздоо жөнүндө чечимдин долбоору;
- 2010-жылы КМШга катышкан мамлекеттердин аба чабуулуна каршы коргонуунун бириккен системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШ СГП чечимдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин Антитеррористтик борборунун Жетекчисинин биринчи орун басары жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө чечимдин долбоору.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|