Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-апрели № 147-б
Өз ишин Германиянын гуманитардык фондунун Уставына ылайык жүргүзүүчү, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Социалдык жардам станциясынын иштешине байланыштуу маселелерди жөнгө салуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасында жашаган немистердин маселелери боюнча Кыргыз-Германиялык өкмөттөр аралык комиссиянын 1997-жылдын 24-сентябрындагы IV заседаниесинин Коммюникесине ылайык:
1. Аймагында өз ишин Германиянын гуманитардык фондунун уставына ылайык жана Кыргыз-Германиялык өкмөттөр аралык комиссиянын 1997-жылдын 24-сентябрындагы IV заседаниесинин Коммюникесинин алкагында жүргүзүүчү социалдык жардам станциялары жайгашкан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына станциялар иштеген мезгилде учурдагы чыгымдарды (электр энергиясы, ичүүчү суу, жылытуу, жайларды ижаралоо) жергиликтүү бюджеттердин эсебинен төлөөнү караштыруу сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы 2002-жылдан 2008-жылга чейинки мезгилдеги электр энергиясы үчүн кредитордук карызды "Түндүк электр" ачык акционердик коому менен Социалдык жардам станциясынын ортосундагы салыштыруу актысына ылайык райондун жергиликтүү бюджетинин эсебинен жоюу маселесин карасын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |