Редакцияот 06.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 6-апрели № 149-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2006-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Ишкердиктеги жана соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтуу" долбоору (МАРдын № Н247-KG гранты) боюнча Өнүктүрүү максаттарына грант жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-каттын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуу-Катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов