Редакцияот 29.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 29-апрелинин № 188-б

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана атайын арналыштагы объекттерди долбоорлоодо жана курууда мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо максатында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 107-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1-пунктта:

- биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Курулуш, инвестициялар жана соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы оңдоо-курулуш иштерин аткарууда" деген сөздөрдөн кийин", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы курулуш-монтаждоо, оңдоо-курулуш иштерин жана объекттерди реконструкциялоону аткарууда" деген сөздөр менен толукталсын.

- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы мейманкана-иш комплекси;

- "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплексинин аймагындагы администрациялык имараттардын комплекси.".

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов