Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-майы № 196-б
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик патент кызматы Чуй облусу, Аламүдүн району, Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү, 6 "а" дареги боюнча жайгашкан эки ангары бар имаратты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Чүй облусу, Аламүдүн району, Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү, 6 "а" дареги боюнча жайгашкан имаратты "Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы" коомдук бирикмесине коммуналдык кызматтарга төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шартында берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 593-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 383-б буйругу.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |