Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 6-майы № 199-б

Аткаруу бийлигинин органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-майындагы № 247-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасында опурталдуу топтогу балдарды окутууга/социалдык иштерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Рональт Пентон - швед тараптан долбоордун жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Исаев Т.К. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Үсөнова В.У. - кыргыз тараптан долбоордун координатору, Кыргыз Республикасынын Социалдык кызматкерлер ассоциациясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Барбро Зиммерлинг - швед тараптан долбоордун координатору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Каратаев М.М. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

Тыналиева Ү.М. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

Мамышев Б.Ш. - Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы;

Умаралиев С.К. - Чүй облусунун Шопоков шаарынын башчысы;