Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-майы № 212-б
Ата мекендик туристтик продуктту тышкы рынокко алып чыгуу жана кол өнөрчүлүк менен элдик уз-устачылыкты өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылдын 15-19-майында "Туризм жана саякаттар BITF 2009" IV Кыргыз Эл аралык туристтик жармаңкесин, кол өнөрчүлөрдүн жана элдик уз-усталардын II Эл аралык фестивалын жана "Ош шаары Улуу Жибек жолунда" III Эл аралык туристтик жармаңкесин өткөрсүн.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары "Туризм жана саякаттар BITF - 2009 IV Кыргыз эл аралык туристтик жармаңкесин, кол өнөрчүлөрдүн жана элдик уз-усталардын II Эл аралык фестивалын жана "Ош шаары Улуу Жибек жолунда" III Эл аралык туристтик жармаңкесин даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги 2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттикке каралган каражаттардын чегинде "Туризм жана саякаттар BITF - 2009 IV Кыргыз эл аралык туристтик жармаңкесин, кол өнөрчүлөрдүн жана элдик уз-усталардын II Эл аралык фестивалын жана "Ош шаары Улуу Жибек жолунда" III Эл аралык туристтик жармаңкесин даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чараларды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |