Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-майы № 213-б
Эл аралык жана ички авиарейстерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү жөнундө финансылык жана юридикалык маселелерди талкуулоо боюнча "Түркиялык авиалиниялар" авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү, ошондой эле кыргыз-түрк авиакомпанияларын түзүү боюнча зарыл документтерди даярдоо үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана '"Партнер" жоопкерчилиги чектелген коому юридикалык фирмасынын ортосунда кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Бабанов Өмүрбек Токтогуловичке принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Келишимдин долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |