Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 28-майы № 247-б
2009-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоонун эл аралык күнү өткөрүлөөрүнө байланыштуу, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 500000 (беш жүз миң) сом бөлүнсүн, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улутгук энеликти жана балалыкты коргоо борборуна - 250000 (эки жүз элүү миң) сом;
- Бишкек шаарындагы Балдардын клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына - 150000 (жүз элүү миң) сом;
- Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар үйүнө - 60000 (алтымыш миң) сом;
- Бишкек шаарындагы Балдардын № 1 кургак учукка каршы ооруканасына - 20000 (жыйырма миң) сом;
- Бишкек шаарындагы Балдардын № кургак учукка каршы ооруканасына 20000 (жыйырма миң) сом
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |