Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-майы № 252-б
Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын конференциясынын он экинчи отурумуна даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети:
- Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын конференциясынын он экинчи отурумун (мындан ары - Конференция) 2009-жылдын сентябрында Бишкек шаарында өткөрсүн;
- Конференцияга даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине 2009-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде чыгымдардын сметасын түзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине Конференцияга даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө көмөк көрсөтүшсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |