Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-декабры № 662-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-июнундагы № 274 буйругунда каралган атайын арналыштагы объекттердин курулушун аяктоо максатында:
1. "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы 2007-жылдын 26-июлундагы № 09841/2-4217, № 09841/2-4218, № 09841/2-4240 бажы декларацияларына ылайык "убактылуу ташып кирүү" бажы режиминде ташып киргизилген жабдууларды жана техниканы "бажы кампасы" бажы режиминде аларды андан ары "убактылуу ташып кирүү" бажы режимине киргизүү менен жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жабдууларды жана техниканы алты жылдык мөөнөткө бажы алымдарын жана салыктарды төлөөдөн толук бошотуу менен "убактылуу ташып кирүү" бажы режиминде бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|