Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-декабры № 664-б
1. Кыргыз Республикасы менен Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкынын ортосунда "Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү" долбоору боюнча гранттык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|