Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-декабры № 720-б
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аба паркын толуктоо максатында:
1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна VIP-персонаны ташуу үчүн, жогорулатылган комфорттуу, капиталдык ремонттон өткөн, 1975-жылы чыгарылган, борт номери ЕХ-00007, наркы үч миллион АКШ доллары турган "Як-40" аба кемесин белгиленген тартипте сатып алуусу сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- VIP-персонаны ташуу үчүн, жогорулатылган комфорттуу, капиталдык ремонттон өткөн, 1975-жылы чыгарылган, борт номери ЕХ-00007, наркы үч миллион АКШ доллары турган "Як-40" аба кемесин сатып алуу жөнүндө маселени белгиленген тартипте "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкаруу органынын кароосуна киргизсин;
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомдун 2010-жылга бюджетинин долбоорунда жогоруда көрсөтүлгөн аба кемесин сатып алууга үч миллион АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын караштырсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|