Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 15-январы № 8-б
Донордук кандын, анын компоненттеринен даярдалган продуктулардын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу, ошондой эле Кыргызстанда кан тапшыруу жана кан куюу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында:
1. KFW, Франкфрукт-на-Майне (KFW) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын (алуучу) ортосунда "ВИЧ-инфекция/СПИДдин алдын алуу боюнча Программа-II" долбоору боюнча 4,0 млн. евро суммасына каржылоо жөнүндө келишимдин расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ушул Келишимге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|